Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурлан Садыков: ГЭСтин гидроагрегаты ишиндеги мүчүлүштүктөн улам токтотулду

© Фото / пресс-служба Национального энергетического холдинга КРЗаместитель руководителя Национального энергетического холдинга Нурлан Садыков
Заместитель руководителя Национального энергетического холдинга Нурлан Садыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогул ГЭСиндеги иштен чыкты делген №2 генераторду текшерүү иштери уланууда.
Нурлан Садыков: ГЭСтин гидроагрегаты ишиндеги мүчүлүштүктөн улам токтотулду

Токтогул ГЭСин реконструкциялоого бөлүнгөнү 450 миллион доллардын бардыгы сарптала электигин Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Биринчиден, негизги ремонт 2017-жылдын 1-апрелинен тарта башталат. Экинчиден, Токтогул ГЭСи уникалдуу, анын ар бир агрегаты Советтер Союзу маалында өзүнчө долбоор менен курулган. Атайын заказ берип, жасалуу убактысын күтүп туруп анан алышыбыз керек", — деди Садыков. 

Ошондой эле орун басар ГЭСте авария болбогонун, №2 генератордун ишинде мүчүлүштүктөр байкала баштаганда токтотуп коюшканын кошумчалады. 

Бүгүн депутат Рыскелди Момбековдун парламентте Улуттук энергетикалык холдинг Токтогул ГЭСиндеги реконструкция иштерине 450 миллион доллар сарптаганын айтып, авариянын себептерине кызыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0