Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбек Жолдошбаев: тоолуу райондо эл тоңуп жатат, аларды Бишкекке алып келебизби?

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев тоолуу райондордо жашаган элге электр энергиясы жетишпей жаткандыгын кошумчалады.
Камчыбек Жолдошбаев: тоолуу райондо эл тоңуп жатат, аларды Бишкекке алып келебизби?

Электр энергиясынын жетишсиздигинен тоолуу райондордо жашаган эл тоңуп жатат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

"Тоолуу райондордо 25 градустан суук болуп, электр энергиясы жетишсиз болууда. Дагы 300 киловаттан кошуп берели. Алар тоңуп жатышат. Эмне баарын Бишкекке алып келебизби?" — деди Жолдошбаев.

Депутат эл өкүлдөрүн дал ушул эл шайлаганын эске алып коюуга чакырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0