Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтынбек Сулайманов: өлкөдөгү бизнести 5-6 депутатка бөлүп берип коелу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламентте кызыкчылыгы бар топ спирт ичимдиги тууралуу мыйзамды өткөрбөөгө аракет кылып жатат деген пикирде.
Алтынбек Сулайманов: өлкөдөгү бизнести 5-6 депутатка бөлүп берип коелу

Белгилей кетсек, депутаттар "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, артка кайтарган. 

"Эркин конкуренция иштеши зарыл. Монополия деген түшүнүк такыр болбошу керек. Андай жок. Бүгүн арак заводдор алко магнаттардын колунда. Алар мыйзамды таңуулап жатат. Өкмөт болсо аларды колдоодо. Базар өзүн-өзү тескеп, атаандаштык болушу керек. Болбосо тармактарды 5-6 адамга бөлүп берели анда", — деди Сулайманов.

Эл өкүлү арак өндүрүшүн айрым депутаттарга, курулушту башкасына, ал эми ун өндүрүүнү Чыныбай Турсунбеков менен Бакыт Төрөбаевге берип коелу деген ачуу кебин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0