Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубаныч Сатаев: мен да аяз атадан белек күткөм

© Фото / Кубаныч СатаевОтечественный певец Кубаныч Сатаев
Отечественный певец Кубаныч Сатаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чубак Сатаев" атындагы коомдук фонд мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулады.
Кубаныч Сатаев: мен да аяз атадан белек күткөм

"Балдарга майрам тартуула!" аттуу жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын "Чубак Сатаев" коомдук фонду уюштурганын фонд жетекчиси Кубаныч Сатаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Кичине кезде ар бир бала Аяз атадан белек күтөт эмеспи, мен дагы күткөм. Ошол себептен балдардын баары белек алууга укуктуу деп чакан кайрымдуулук ишин уюштурдук, быйыл 50 балага майрам тартуулай алдык. Келерки жылдары балдардын санын көбөйтүп, республикалык деңгээлде акция кылабыз деген тилегибиз бар", — деди Сатаев. 

Балдар үчүн атайын таттуу белектер, кызыктуу китептер, майрамдык дасторкон камдалган. Аяз Ата, Аяз кыздын коштоосунда ыр-бий, конкурстар жана балдарга ылайыкталып даярдалган жаңы жылдык шоу программа тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0