Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бакыт Сыдыков: быйыл мамлекеттик карызды төлөөдөн 600 млн. сом үнөмдөлдү

© Sputnik / Данияр СандыбаевНачальник Управления государственного долга Минфин КР Бакыт Сыдыков
Начальник Управления государственного долга Минфин КР Бакыт Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда финансы министри Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыковдун катышуусу менен маалымат жыйын өттү.
Бакыт Сыдыков: быйыл мамлекеттик карызды төлөөдөн 600 млн. сом үнөмдөлдү

Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөдөн 600 миллион сом үнөмдөөгө жетишкенин Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"2016-жылдын болжолдуу бюджетинде жалпы мамлекеттик карызды тейлөөгө 21,9 миллиард сом каралган. Ошонун ичинен 12 миллиард ички карызды, 9,8 миллиард сом тышкы карызды төлөөгө кетмек. Ал эми бекитилген бюджет боюнча карызды төлөөгө 21,2 сом миллиард сарпталды. Башкача айтканда, 600 миллионго чукул сом үнөмдөп калдык", — деди Сыдыков.

Анын айтымында, 2017-жылы жылпы карызды төлөөгө мамлекеттин бюджетинен 20 миллиард сом бөлүнөт. Анын ичинен 8,9 миллиарды ички, 11,1 миллиард сом тышкы карызды тейлөөгө жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0