13:05 20 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба МИД КР

Ибрагим Жунусов: элчини аткан киши менен тиктешип калганда полиция деп ойлогом

Радио
Кыскача шилтеме алуу
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (17)
76011

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Анкаранын борбордук бөлүгүндөгү маданият борборунда Россиянын элчиси Андрей Карловго ок чыгарган учур тууралуу кенен айтып берди.

Эске салсак, 19-декабрда Анкарада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде россиялык элчи Андрей Карловго ок атылып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Алган жараатынан улам дипломат көз жумган. Жунусов бул көргөзмөгө Россиянын элчисинин чакыруусу менен барганын билдирди.

"Ал жерге Андрей Карлов, мен жана Өзбекстандын элчиси бардык. Биздин артыбызда башка эч ким жок болчу. Бир маалда атайын кийим кийген киши келип артыбызга туруп калды. Башында мен "бул бала эмнеге жалгыз туруп алды" деп өзүмчө карап жаттым. Жакын келгенде карасам төшүндө белги бар экен. Анан коопсуздукту караган кызматкер, полиция окшойт деп койдум. Мен аны эки-үч жолу карадым, бала менен тиктешип да калдым. Россиянын элчиси чыгып, жаңы эле сүйлөп баштаган ирмемдерде артында турган жанагы киши ок чыгарды. Окуя менин көз алдымда, үч метрдей эле ары жакта болгондуктан бардыгын көрүп турдум. Тапанчанын акыркы огу атылып, затвору чыгып кеткенде 20-30 адам болуп залдан чыгып кеткенге үлгүрдүк", — деп элчи көргөндөрүн айтып берди.

Жунусов элчиге ок чыгарган жаран залдагылардын баарына "жерге жаткыла" деп буюруп, "Аллах акбар" деп кыйкырганын кошумчалады.

Тема:
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (17)

Тема боюнча

Жунусов: элчини өлтүргөн жигит тапанчасын кайра октогуча качып кеттик
Атамбаев РФтин Түркиядагы элчисинин өлтүрүлүшүн теракт деп атады
Белгилер:
Андрей Карлов, Ибрагим Жунусов, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ