Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гүлзана Сарчалова: балдар үйү санитардык нормага жооп бербейт деген жалган

© Фото / из личного архива Гулзаны СарчаловойДиректор детского дома "Ирада" Гүлзана Сарчалова
Директор детского дома Ирада Гүлзана Сарчалова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүүдөн соң балдар үйүнүн жетекчисине, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысына, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш жарыяланган.
Гүлзана Сарчалова: балдар үйү санитардык нормага жооп бербейт деген жалган

31-октябрдан 4-ноябрга чейин Акыйкатчы институтунун аппараты Ысык-Көлдөгү балдар үйлөрүнүн абалына текшерүү жүргүзгөн. Аныкталган эреже бузуулар тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилген.

Мындай бала бакчалардын катарында "Ирада" балдар үйү дагы бар. Бирок аталган борбордун жетекчиси Гүлназа Сарчалова Акыйкатчы институтунун чыгарган айрым бүтүмдөрү менен макул эмес.

"Алар бөлмөлөр муздак деп кетишкен. Бирок жылуу эле болчу. Күнүнө үч маал терезелерди ачып желдетебиз. Алар ошол желдеткен маалга туш келип калышкан. Андан сырткары, үйдүн ичи санитардык нормага жооп бербейт дешти. Чынында бардыгы норманын чегинде болчу. Эртеси күнү Каракол шаарынын Санэпид көзөмөлү келип эч кандай норма бузууларды тапкан жок", — деди Сарчалова.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, "Ирада" балдар үйүнүн жетекчиси Гүлзана Сарчаловага, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысына, Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине сөгүш берилген.

Акыйкатчы институтунун атайын текшерүүсү боюнча Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0