Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормонов: элчи мигранттардын муңун уккандын ордуна аларды полицияга салып берди

Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов элчи келген эл менен жолугуп койбостон, полиция кармап кеткенде үн катпаганына нааразычылыгын айтты.
Ормонов: элчи мигранттардын муңун уккандын ордуна аларды полицияга салып берди

Москвадагы мигранттарды полицияга салып берген элчиликтин аракети боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу керек. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов ЖКда ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин Москвадагы мигранттар элчиликтин алдына келгенде алардын төртөөсүн полиция кармап кеткен. 

"Мигранттар элчиликтен жардам сурап алдына барса, элчи жолугуп койгондун ордуна полицияга салып берген. Бул кадамы боюнча бир чечим кабыл алышыбыз керек", — деди депутат. 

Белгилей кетсек, буга чейин элчилик мигранттарды полицияга кармап бербегендигин расмий билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0