Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскелди Момбеков: өкмөт мүчөлөрү Айтматовго куран окуганга жарабады

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков улуу жазуучунун туулган күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүгө тиешелүү көңүл бурулбаганына кейиди.
Рыскелди Момбеков: өкмөт мүчөлөрү Айтматовго куран окуганга жарабады

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Айтматовдун ааламына сүңгүйбүз. Чыгармалар менен каармандарды канчалык билесиз?
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата башка өлкөлөрдө ири иш-чаралар уюштурулса, Кыргызстанда өкмөт мүчөлөрү жазуучунун бейитине барып койгонго жараган жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Белгилей кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. 

"Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата өнүккөн өлкөлөрдө иш-чаралар уюштурулду. Ал эми бизде бир да эскерүү болбоду. Атургай бир дагы өкмөт мүчөсү мүрзөсүнө барып куран түшүргөн жок", — деди Момбеков. 

Эл өкүлү мындай көрүнүш жан кейитерлик экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0