Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Гүлназ Исаева: ишеним телефону дин боюнча актуалдуу маселелерден улам ачылды

© Фото / пресс-служба Госкомиссии по делам религииЗавотделом госкомиссии по религиозным делам Гульназ Исаева
Завотделом госкомиссии по религиозным делам Гульназ Исаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында диний маселер боюнча "1592" ишеним телефону ишке кирди.
Гүлназ Исаева: ишеним телефону дин боюнча актуалдуу маселелерден улам ачылды

Ишеним телефондон жарандар Кыргызстандын ар аймагынан дин, анын мааниси жана ар кыл агымдар боюнча маалымат алса болот. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева билдирди.

Анын айтымында, ишеним телефондо эки оператор иштейт, дин боюнча кызматкер, психолог жана юрист да өзүнүн кеңештерин бере алат. 

"Азыркы күндө коомдо динге байланыштуу ар кандай актуалдуу маселелердин көбөйүшүнө байланыштуу мындай борбор зарыл болуп турат", — деди Исаева.

Кызмат акысыз көрсөтүлүп, 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0