Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш Ашырбаев: Ошто шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуу болгон жок

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин архивдик сүрөтү
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү кыргызстандыктар жергиликтүү кеңешке депутаттарды тандап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга катышты.
Жеңиш Ашырбаев: Ошто шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуу болгон жок

Ош облусунда шайлоо жана референдум учурунда одоно мыйзам жана тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

"Ош облусунун аймагында 484 шайлоо участогунда шайлоо жана референдум болуп өттү. Алардын ар биринде бир-экиден милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турду. Бир да жерден чыр-чатак, нааразычылыктар, мыйзам бузуулар катталган жок", — деди Аширбаев. 

Эске сала кетсек облус аймагында 580 миндей шайлоочу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0