Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бактияр Токторов: "Буй-буй" ыры күйүттөн улам жаралган

© Sputnik / Жоомарт УраимовКР эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов маек учурунда
КР эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келе жаткан "Буй-буй" ырынын жаралуу тарыхына токтолду.
Бактияр Токторов: "Буй-буй" ыры күйүттөн улам жаралган

Токторов ырдын жазылганын он жылдан ашканын айтат.

"Мындан он жыл мурун ызалангандан, бук болгондон, жараткандын буйругунан чыга албай баш ийүүдөн улам бул чыгарма жаралды десем болот. Адам каалаган нерсе болбойт экен. Балким айткандарым уккандарга сабак болуп калаар. Өзгөчө жаш үй-бүлөлөргө. Мен 1994-жылдары үйлөнө электе "атасынын баласы, муйдусунан өбөйүн" деп уулдуу болууну самап ыр чыгаргам. Анан үйлөнгөндө кыздуу боло бергенимде келинчегиме "узиге түш, эгер кыз болсо алдырып салалы" дедим. Анан түшсө эгиз деп калышты, тийген жокпуз", — деди.

Ал ошол убакта тыйын-тыпыр чогултайын деп Кытайга чыгармачылык менен кеткенин айтып, кийин келгенде кыздары ичтен өлүү төрөлүп аларды жерге берилгенин айтты. Келинчеги да реанимацияда көзү көрбөй он үч күн жатып калган. Тагдырындагы ушундай оор кырдаалдан улам ушул ыр жаралганын ал кошумчалады.

Бактияр Токторов менен болгон маекти Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0