Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түштүк Кореядагы Жолдошев: жарандык милдетимди аткарып, референдумда добуш бердим

© Фото / Нурбек АбдылдабекоКыргызстанец Медербек Жолдошев
Кыргызстанец Медербек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореяда жүргөн мекендештерге Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум тууралуу эки күн мурда эскертүү берилген.
Түштүк Кореядагы Жолдошев: жарандык милдетимди аткарып, референдумда добуш бердим

Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Медербек Жолдошев Сеул шаарындагы добуш берүү участогунун алыстыгына карабастан мекендештер активдүү катышып жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Мага кыргыз элчилигинен эки күн мурда чалышып, референдум боюнча эскертишкен. Бүгүн жумуш көп болгондуктан дем алыш экенине карабай иштемекпиз. Мен жетекчимден суранып алып, эки саат жол жүрүп, референдумга катышканы келдим. Жердештер менен чогулуп, бир унаа менен барганбыз. Саат 10го чейин 40ка жакын адам добуш бергенин айтышты. Көпчүлүк кыргыздар Сеулдан алыс жашашат. Ошондуктан жумушу бүткөндө кечке маал референдумга келет деп ишенем", — деди Жолдошев. 

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Чет мамлекеттеги кыргыз жарандары үчүн 25 мамлекетте 35 шайлоо участогу ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0