Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылдыз Бурканова: Ошто жаңы 30 автобус эртеңден баштап эл ташый баштайт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПредставитель пресс-службы мэрии города Ош Жылдыз Бурканова
Представитель пресс-службы мэрии города Ош Жылдыз Бурканова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарына Россиядан алып келинген жаңы 30 автобус эртеңден тарта эл ташый баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматынын өкүлү Жылдыз Бурканова билдирди.
Жылдыз Бурканова: Ошто жаңы 30 автобус эртеңден баштап эл ташый баштайт

Анын айтымында автобустун айдоочуларына жумуш учурунда бирдиктүү форма кийүү милдеттендирилген. Ага ылайык, ак калпак жана бирдей түстөгү улуттук кемселдерди кийип кызмат кылышат. 

"Автобуска 24 адам отурганга жана 80 адам турганга, жалпысынан 104 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган. Майыптар үчүн да атайын пандустар жайгашкан. Жакында заманбап жабдуулар менен жабдылып, Wi-Fi модулдары орнотулат", — деди Бурканова. 

Автобустар Россиянын Ликино-Дулево шаарындагы "Ликинский автобус заводунан" алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0