Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жеңиш Ашырбаев: портер менен кагышкан инкассатордун машинасы аңтарылып кеткен

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиРуководитель пресс-службы УВД Ошской области Жениш Аширбаев
Руководитель пресс-службы УВД Ошской области Жениш Аширбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошто инкассатор менен жүк ташуучу унаа кагышып 2 адам жабыркады.
Жеңиш Ашырбаев: портер менен кагышкан инкассатордун машинасы аңтарылып кеткен

Ош — Кара-Суу жолундагы Жылкелди айылында жеке менчик банкка караштуу инкассатор менен Портер жүк ташуучу унаа кагышкан.

Маалыматка караганда, кыгышуунун айынан инкассатор автоунаасы жол жээгине аңтарылып кеткен.

"Окуяга күбө болгон жарандардын айтымында каршы тилкеге чыгып кеткен инкассатор кырсыкка себеп болгонун айтышты. Кагышуунун кесепетинен инкассатордун айдоочусу менен банк кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилди", — деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Анын айтымында инкассатор автоунаасында акча болгон эмес. Учурда техникалык экспертиза дайындалып тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0