Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Салтанат Саматова: тойду токтоткула дегендер менен макул эмесмин

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү теле жана радио алып баруучу Салтанат Саматова маек учурунда
Белгилүү теле жана радио алып баруучу Салтанат Саматова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова тамадалык кесипти кантип аркалап калганын жана тойго тыюу салуу керек дегендер менен эмнеге макул эместигин билдирди.
Салтанат Саматова: тойду токтоткула дегендер менен макул эмесмин

Саматова тамадалык кесипке 2000-жылдары аралаша баштаган. Башында тартынып, уялып жүргөн. Бирок акырындык менен аларга көрүп, той жакшы экенин билгенин кошумчалады.

"Орус жигит кыргыз кызга үйлөнүп жаткандыктан эки тилде алып барыш керек болду. Жакшы артисттерди чакырып, жакшы маанайдагы, өзгөчө нуктагы той өткөн. Мага ошондо аябай жаккан. Ошол тойдогу коноктор кийинки жакшылыктарына чакырып жатып өзүнөн-өзү реклама болуп отуруп бул тармакка да кирип кеттим. Азыр тойлорду жакшы көрөм. Той деген бул ырыскы, жакшы маанай, жакшы тилектер", — деди ал.

Саматова тойду токтотуп коёбуз дегендер менен мен такыр макул эместигин мындайча түшүндүрдү.

"Той сөзсүз болушу керек. Албетте, кандай кылып тойду берет ал ар бир адамдын өз чечими. Ага дагы бөгөт койбош керек деп ойлойм. Мен барпыратып өткөрөм десем өткөрө берем. Насыя аламбы, карыз аламбы ал менин ишим. Менин акчамды эсептегенге эч кимдин акысы жок. Эгер жупуну эле той берем десем, ал дагы менин ишим. Кайсы ресторанга, канча кишини чакырам бул менин маселем", — деди алып баруучу.

Андан сырткары тойдон улам миңдеген кишилер жумуш менен камсыз болуп жатканын баса белгиледи.

Салтанат Саматова менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0