Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самат Көчөрбаев: "Каныкейдин жомогу" Таластын Эчкилүү-Тоосунан тартылды

© Фото / Макен МаксутовМанасчи Самат Кочорбаев
Манасчи Самат Кочорбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчынын CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи 9-декабрь күнү Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт.
Самат Көчөрбаев: "Каныкейдин жомогу" Таластын Эчкилүү-Тоосунан тартылды

Эпостун "Каныкейдин жомогу", "Семетейдин Сарытазга жолукканы" жана "Чубак менен Алмамбеттин жол талашы" сыяктуу үзүндүлөр Таластын Эчкилүү-Тоосунан жана Кароол чокудан тартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасмага тартылган манасчы Самат Көчөрбаев өзү билдирди.

Анын айтымында, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан ишке ашкан иш-чарада буга чейин Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев жана Дөөлөт Сыдыковдун айтуусундагы дисктер чыккан.

"Долбоор улуттук программанын алкагында өкмөттүн демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Жалпысынан "Каныкейдин жомогу", "Семетейдин Сарытазга жолукканы" жана "Чубак менен Алмамбеттин жол талашы" сыяктуу үзүндүлөр DVD дискте эки саатка созулса, CD вариантында 1,5 саатка жетти", — деди Көчөрбаев.

Манасчынын CD жана DVD дисктеринин бет ачаар аземи 9-декабрь күнү Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт. Иш-чара саат 14.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0