Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азамат Жаманкулов: Кыргызстанда туризм тармагында биринчи жолу хакатон өткөрүлүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризмди өнүктүрөбүз деген жаштарга багыт көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүү максатында Россия, Эстония жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн менторлор келишкен.
Азамат Жаманкулов: Кыргызстанда туризм тармагында биринчи жолу хакатон өткөрүлүп жатат

Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү максатында алгачкы жолу хакатон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жаштардын туризм тармагын өнүктүрө турган бир топ идеялары болуп, бирок ишке ашыра албай жатышы ыктымал.

"Учурда туризм тармагында бир топ көйгөйлөр бар. Бул маселелерди биз Америка Университетинин балдарын чогултуп түшүндүрүп бердик. Эми балдар эки күндүн ичинде аларды чечүү жолдорун ойлоп таап келип бизге тиркеме түрүндө же сайт түрүндө идеяларын сунушташы керек. Эң жакшы түзүлгөн идеяларды ишке ашырууга биз жардам беребиз. Ал тургай презентацияга бир катар инвесторлор келип жакшы сунуштарды каржылоого да даяр", — деди Жаманкулов.

Туризмди өнүктүрөбүз деген жаштарга багыт көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүү максатында Россия, Эстония жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн менторлор келишкен. 

Хакатон — идеяларды иштеп чыгуучулардын форуму. Идеялар бир жерге топтолуп келип, анын ишке ашырылышы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0