Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекмамбетов: Астанадагы Кыргыз адабияты борборуна "Манастын" томдорун алып келдик

© Фото / Алия СамидинЗаместитель министра культуры КР Фархад Бекмамбетов
Заместитель министра культуры КР Фархад Бекмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астанада ачылган Кыргыз адабияты борборуна улуттук энциклопедия, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, "Манас" эпосунун толук варианты жана башка китептерин алып келип койдук. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекмамбетов билдирди.
Бекмамбетов: Астанадагы Кыргыз адабияты борборуна "Манастын" томдорун алып келдик

Бекмамбетов учурда 150гө жакын китеп коюлганын айтып, келечекте кыргыз жазуучулары менен келишим түзүп, борборго алардын чыгармалары алып келинерин белгиледи. 

Бир ай мурда Бишкек шаарында Казак адабияты борбору ачылган.

Бекмамбетов мындай борборлордун ачылышы жакшы көрүнүш экендигин белгиледи.

"Эгемендүүлүктүн 25-жылында ушундай борборлордун ачылышы жакшы нерсе. Анткени биздин ата-бабалар бир чөлкөмдө чогуу жашаган. Ал эми жаштар арасында адабият жаатында байланыш аз. Ошондуктан мындай борборлордун ачылышы келечек муунга жакшы таасир тийгизет деп ойлойм", — деди ал.

Аткаминер эки борбордо келечекте адабий чыгармалардын электрондук түрлөрүн өз ара алмашуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0