Дастан Бекешов: кореялык фонд майыптарга 37 миң долларлык жабдуу берди
Кореялык фонд мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 37 миң долларлык жабдууларды берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
"Кореялык жеке фонд 37 миң долларлык жабдууларды берди. Алардын катарында брайль тамгасы менен китептерди чыгарган принтерлер бар. Бир эле принтер беш миң доллар турат. Буюрса үч принтер беришти. Мындан сырткары, атайын китеп окуучу жабдык, таяктарды алдык", — деди Бекешов.
Ал мындан сырткары аталган фонддун колдоосу менен үч жакшы окуган майып студентке 300 доллардан жардам көрсөтүлгөндүгүн кошумчалады.