Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакбай Мурзабеков: экстремисттик идеяны жайылткан сайт жабылды

© Фото / Зульфия ТургуноваГлава южнорегионального отделения Госкомиссии по религиозным делам КР Исакбай Мурзабеков
Глава южнорегионального отделения Госкомиссии по религиозным делам КР Исакбай Мурзабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайт Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк кылууга тыюу салынган уюмдарга таандык экени аныкталган.
Исакбай Мурзабеков: экстремисттик идеяны жайылткан сайт жабылды

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков террористтик жана экстремисттик маанайдагы сайт жабылгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Жаннат Ошиклари" жана "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" аттуу экстремисттик уюмдардын сайты аныкталып, Ош шаардык соту тарабынан жабылды. Негизи бул эки аталыш бир эле уюмга тиешелүү. "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" уюму Борбордук Азияда "Жаннат Ошиклари" деп аталып келет", — деп билдирди Мурзабеков. 

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында иши токтотулган же жоюлган диний уюмдардын саны 3, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын саны 18 жана тыюу салынган экстремисттик интернет-сайттардын саны 8ге жеткен. Ошондой эле Саид Бурятскийдин экстремисттик материалдарын басып чыгарууга, колдонууга, сактоого, таратууга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0