Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жактоочу Карабаева: аскерди өлтүрүүгө шектелген жоокер өзүн коргоого аргасыз болгон

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАдвокат Айсалкын Карабаева
Адвокат Айсалкын Карабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочу шектүүгө карата 104-берене боюнча ачылган кылмыш ишин башка беренеге өзгөртүү сунушун берди.
Жактоочу Карабаева: аскерди өлтүрүүгө шектелген жоокер өзүн коргоого аргасыз болгон

Ош шаарындагы №01525 аскер бөлүгүндө ефрейторду мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген аскердин жактоочусу Айсалкын Карабаева шектүү аскерди атайылап эмес, өзүн коргоо үчүн мушташканы тууралуу маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Инцидент со смертельным исходом между ефрейтором-контрактником в войсковой части в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Ошто мушташтан өлгөн аскердин агасы: инимди мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр
"Шектүү Заирбек уулу Бекболот буга чейин көргөн кордугуна чыдабай аргасыздан өзүн коргоо максатында мушташкан. Ал төрт ай бою ефрейтордон кордук көрүп келгендиктен, ушундай окуяга кабылып жатат. Окуя болгон күнү ефрейтор Бекболот Заирбек уулу менен катардагы жоокер Дастан Мамажановду каптеркага (аскердик бөлүктөгү кампа) чакырган. Эки жоокер барган кезде ефрейтор Эламан алгач, Дастан Мамажановго кол көтөргөндө ал качып чыгып кеткен. Андан кийин Бекболот Заирбек уулун урганда чыдабай кетип ефрейторго жооп кайтарган. Ошондо анын башы батареяга тийип, кулап түшкөн", — деп билдирди Карабаева. 

Ушуга байланыштуу жактоочу шектүүгө карата 104-берене боюнча ачылган кылмыш ишин башка беренеге өзгөртүү сунушун берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0