Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ош шаарынын вице-мэри Сабиров: Ошко Борбор Азияда али курула элек клиника түшөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВице-мер города Ош Шухрат Сабиров
Вице-мер города Ош Шухрат Сабиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азияда биринчилерден болуп заманбап клиника Ош шаарына түшүп жатат жана ал долбоорго жалпысынан 1,8 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Ош шаарынын вице-мери Шухрат Сабиров кабарлады.
Ош шаарынын вице-мэри Сабиров: Ошко Борбор Азияда али курула элек клиника түшөт

"Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Кытай мамлекетинин каржылоосу менен курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулушунун капсуласы салынды. Мындай заманбап клиника Борбор Азияда биринчилерден болуп Ош шаарына түшүп жатат. Ири долбоордун бүтүшүн 2018-жылдын үчүнчү кварталына пландап жатабыз", — деп кабарлады Шухрат Сабиров.

Вице-мэр заманбап оорукана үч корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилип, медициналык жабдуулар, Тез жардам унаалары менен камсыздаларын кошумчалады.

Бул долбоорго жалпысынан 1,8 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат.

Белгилей кетсек, Ош комплекстик оорукана КЭР өкмөтү тарабынан кайтарымсыз гранттын эсебинен курулмакчы. Жалпы аянты 25 миң чарчы, сейсмикалык туруктуулугу 1-даража болуп, 9 баллга жеткен жер силкинүүгө туруштук берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0