Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дизайнер Ботоев: "Шаардык көчмөндөр" коллекциясын элге сунуштаганы турабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовДизайнер Жанышбек Ботоев маек учурунда
Дизайнер Жанышбек Ботоев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дизайнерлер Искендер Асаналиев менен Жанышбек Ботоев биргелешип, улуттук өзгөчөлүктөрүн кошо чагылдырып берген продукцияларды чыгарууну колго алган.
Дизайнер Ботоев: "Шаардык көчмөндөр" коллекциясын элге сунуштаганы турабыз

"Шаардык көчмөндөр" сумкалар коллекциясын жана "Кокан" деген отургучту даярдап, чет өлкөлөргө да сатыкка чыгарууну пландап жатабыз деп дизайнер Жанышбек Ботоев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Сумкаларыбыз "Шаардык көчмөндөр" деп аталат. Таза кийиз менен булгарыдан гана жасалат. Чет өлкөгө саталы деген планыбыз бар. Ошол себептүү Европа стандартына туура келтирели деп мурда чет элдиктер менен иштеген тикмечилерге тиктирип жатабыз. Трансформер сумкабыз бар. Идеясы кадимки кыргыз куржунунан алынды. Бүктөп коюп кол сумка катары көтөрүп жүрсө да болот. Эгер бир аз үшүп кетсеңиз, жазып туруп жилет кылып кийип аласыз, — деди Ботоев. 

Дизайнер бул сумкалар 15-декабрдан тарта сатыкка чыгарын айтты. Андан сырткары отургучтар туурасында да айтып берди.

"Мунун өзгөчөлүгү табигый таза материалдардан жасалат. Буттары темир, өзү фанерадан, салмагы өтө жеңил. Кытайдыкынан баасы жагынан айырмасы жок болгону менен, сапаты алда канча бышык. Сынап көрөлү деп капталынан коюп секирип көрдүк, сынган жок. Жөлөнгүчү сумка илгенге ылайыкталып, бир аз ийилип турат. Көзгө эстетикалык жактан абдан жакшы көрүнөт", — деди ал. 

Ботоев отургучтар абдан ыңгайлуу болгондуктан үйдө дагы, офисте дагы колдонсо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0