Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Улан Примов: менчик мектептерди салыктан бошотуу заман талабы

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Улан Примовдун айтымында жеке менчик мектептин көбөйүшү элге пайдалуу болот.
Улан Примов: менчик мектептерди салыктан бошотуу заман талабы

Менчик мектептерди салыктан бошотуу заман талабы. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Билим берүү тармагына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү заман талабы болуп калды. Анткени көпчүлүк мектептерде орун жетишсиз. Ушул маселени чечүү жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында демилгени көтөрүп жатабыз. Ага ылайык жеке менчик мектептер тапкан кирешесинен салык төлөбөй калат. Ал эми мугалимдер социалдык фондго кадимкидей эле маянасынан төлөй берет", — деди Примов.

Эл өкүлү салыкты алуу менен жеке менчик мектептердин бухгалтериясы ачыкка чыгат деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0