Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иса Өмүркулов: фальсификация болот деп алдын ала айтуу туура эмес

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери партияларды курулай күнөө койбой, реалдуу программа менен шайлоого барууга чакырды.
Иса Өмүркулов: фальсификация болот деп алдын ала айтуу туура эмес

Шайлоодо фальсификация болот деп алдын ала айтуу туура эмес. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жергиликтүү кеңешке боло турган шайлоодо фальсификация болушу мүмкүндүгүн айткан. 

"Шайлоо — чоң саясий иш-чара. Мыйзамга так жооп бериши керек. 2010-жылдан бери шайлоо таза өтүп келе жатат. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо фальсификация болот деп алдын ала күнөө коюу туура эмес", — деди Өмүркулов. 

Эл өкүлү партияларды курулай күнөө койбой, реалдуу программа менен шайлоого барууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0