Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбек Текебаев: президентке импичмент жарыялаганымдын эки максаты бар

Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент өлкөнү жетектеп туруп бир партияга жан тартканы кылмыштуулук деген ойдо.
Өмүрбек Текебаев: президентке импичмент жарыялаганымдын эки максаты бар

Президент Алмазбек Атамбаев предоставил фракции СДПК право на формирование парламентской коалиции большинства - Sputnik Кыргызстан
Өмүркулов: Атамбаевге импичмент жарыялоого негиз жок
Атамбаевге импичмент жарыялаганымдын эки максаты бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ күнү Текебаев өлкө башчыга импичмент жарыялоо аракети башталганын билдирген. 

Эл өкүлүнүн айтымында импичмент — бул ишенбестик көрсөтүү. Президентке импичмент жарыялоо үчүн сөзсүз түрдө анын кылмыш жасады деген айып керек. Демилгени 40тан ашык депутат көтөрүп, президентти иштен алууга 80 добуш керек болот. 

"Импичмент жарыялоо — бул процесс. Демилге кыска мөөнөттүк акт эмес. Аны жарыялоонун эки максаты бар. Биринчиси, бул кадам азыркы президент менен кийинки мамлекет башчысына чоң сабак болот. Биз документтерди бир нече ай жыйнап, Атамбаевдин алты жылдык ишине ачык-айкын баа беребиз. Аны күнөөлөп кызматтан кетирүү менен кылмыш жообуна тартуу канчалык реалдуу экендиги — бул экинчи маселе. Ал кырдаалдан көз каранды", — деди Текебаев.

Эл өкүлү президент өлкөнү жетектеп туруп бир партияга жан тартканы кылмыштуулук деген ойдо.

Жаңылыктар түрмөгү
0