Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрт КамАЗды тиши менен сүйрөгөн Ринат: элдин сүрөөнү жардам берди

© Фото / fakt.kg20-летний силач Ринат Исмаилов
20-летний силач Ринат Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ринат Исмаилов буга чейин Кытайдагы сынакка катышып, кийинки турга жолдомо алган.
Төрт КамАЗды тиши менен сүйрөгөн Ринат: элдин сүрөөнү жардам берди

Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт КамАЗды тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине балбан өзү билдирди. 

Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган. 

"Ошко тойго өнөр көрсөткөнү барып, чакыруулар көп болгондуктан бир аптага чукул туруп калдым. Анан суранычтар боюнча жүк ташыгыч КамАЗдарды тиш менен тартууга бел байладым. Көпчүлүк элдин сүрөөнү менен жалпы салмагы 70 тонна болгон төрт КамАЗды 65 метрге чейин сүйрөдүм", — деди Исмаилов. 

Жаш балбан учурда 20 жашта. Ал Кытайдагы Х-Фактор сынагына катышып, кийинки турга өткөн. Жакынкы күндөрү конкурска катышуу үчүн аттанганы турат.

Кыргызстандан чыккан балбандар ушул менен гана чектелбейт. Өзгөчө өнөрлүү кыргыз жигиттеринин таланттары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0