Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалды Кыдырмышев: Кара-Кулжада кар себелеп жаап жатат

© Фото / предоставлено Сатыбалды КыдырмышевымКөгарт айылынын тургуну, ардагер Сатыбалды Кыдырмышев
Көгарт айылынын тургуну, ардагер Сатыбалды Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагына бир метрден ашык кар жаады.
Сатыбалды Кыдырмышев: Кара-Кулжада кар себелеп жаап жатат

Көгарт айылынын тургуну, ардагер Сатыбалды Кыдырмышев калың кардан улам чыккан көйгөйдө эл бир-бирине жардам берип жатканын айтат.

"Жергиликтүү тургундарга азырынча эч кандай жардам бериле элек. Биз борбордон 120 чакырым алыс жайгашканбыз. Айыл округунун карамагында "Нива" машинасынын башка техника жок. Азыр эл өзүнө-өзү жардам берип жатат. Көгартка жааган кардын калыңдыгы 1,2 метрге жетти. Кар бир сутканын ичинде өтө тездик менен жаап койгондуктан эл бир аз апкаарый түштү", — деди Кыдырмышев.

Айыл тургуну ошондой эле кар азыркыга чейин себелеп жаап жатканын кошумчалап, кар бир сутканын ичинде эле бир метрден ашып кеткенин айтты.

"Кечинде 45 сантиметрдей жааган, аларды күрөп коюп жатканбыз. Эртең менен турсак, эшиктер ачылбай калыптыр. Түнү менен дагы 50-60 сантиметрдей жааптыр. Азыр дагы кар себелеп жаап жатат. Күн бүркөк. Кечээтен баштап жарык жок", — деди ал.

Кыдырмышев айылдыктар түшкү саат экиден кийин бири-бири менен катташып баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0