Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамшитбек Калилов: түндүк-түштүк жолун 2019-жылдан баштап колдоно алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун архивдик сүрөтү
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2019-жылдан тарта колдонууга берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Жамшитбек Калилов: түндүк-түштүк жолун 2019-жылдан баштап колдоно алабыз

Ал аталган жолду куруу аракеттери 2014-жылы башталганын белгиледи. Учурда биринчи жана экинчи фазаларда иш кызуу жүрүп жатканын айтты.

"Жалал-Абаддан Казарманга чейинки бөлүктө иштер катуу жүрүп жатат. 40 чакырымга чейин асфальт төшөлдү. Жер жумуштарынын 80 пайзы бүттү. Көк-Арт ашуусунда 3 чакырым 850 метрлик эки тоннель казылат. Бирөөсү автотранспорт үчүн, экинчиси коопсуздукту сактоо иштери үчүн болот", — деди ал.

Калилов учурда аталган жолдун 156дан 183-чакырымга чейинки аралыгына акча бөлүүгө Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд Аравия өнүктүрүү фонду макулдугун бергенин кошумчалады.

Транспорт жана жолдор министри берген маалыматка ылайык, Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 240 чакырымында бүгүн иш кызуу жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы алдын ала 850 миллион доллар деп бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0