Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: тоолордо 20 градуска чейин суук болот

© Фото / Элмира ШериповаСотрудник пресс-службы МЧС КР Элмира Шерипова
Сотрудник пресс-службы МЧС КР Элмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-ноябрдан баштап Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктай тургандыгы тууралуу билдирүү таратты.
Элмира Шерипова: тоолордо 20 градуска чейин суук болот

Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу ашууларында абанын температурасы 20 градуска чейин төмөндөй турганын ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымында, 16-17-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 

"Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар токтоп, тоскоолдуктарды жаратат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүлөрү пайда болот", — деди ал. 

Шерипова белгиленип жаткан туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындата турганын эскертти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0