Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат Мавлянова: унаадан таштанды ыргыткандарга айып пулду көтөрүү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянованын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине, КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи.
Депутат Мавлянова: унаадан таштанды ыргыткандарга айып пулду көтөрүү керек

Машинадан таштанды ыргытууну автобейбаштыкка теңөө керек. Бул тууралуу ЖК депутаты Махабат Мавлянова билдирди.

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мавлянова Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине, КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи.

Эл өкүлү демилгелеген мыйзам долбоорунда администрациялык укук бузуулардан улам өндүрүп алынган акча республикалык бюджетке чегерилери айтылат.

"Түшкөн каражаттын 20 пайызын администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине сыйакы жана 10 пайызын ички иштер органдарынын бөлүктөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртуу үчүн кароо сунушталат", — деди Мавлянова.

Мыйзамда машинадан таштанды ыргыткандар үчүн каралчу айып пулду 100 эсеп көрсөткүчкө (10 миң сомго) көтөрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0