Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбек Текебаев: оппозицияда калып сын гана айтпай, өкмөткө да жардам беребиз

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Жогорку Кенеш, Текебаев Омурбек
Депутат Жогорку Кенеш, Текебаев Омурбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев ал жетектеген фракция оппозицияда эмне иштерди жасай турганын айтып берди.
Өмүрбек Текебаев: оппозицияда калып сын гана айтпай, өкмөткө да жардам беребиз

Оппозиция бир гана сындарды айтпай, өкмөткө да жардам берет. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Оппозиция, тескерисинче, өкмөткө жардам бериши керек. Биз коалицияга кирбегенибиз менен мыйзам долбоорлорун жазып, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу оюбуз, планыбыз бар. Аны жасайбыз. Бирок ошол эле учурда өкмөт туура эмес иштерди жасап, өзү бекиткен пландарды аткарбай жатса айтып чыгып, баа беребиз. Ошондуктан оппозициянын жумушу өкмөттүн ишине тоскоол болбой, тескерисинче, жардам бериши керек", — деди Текебаев. 

Депутат көпчүлүк коалициясында дайым эле бир пикир жарала бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0