Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: Бекмамат Осмонов мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөтүп кетти

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМероприятие, посвященное памяти государственного и общественного деятеля Бекмамата Осмонова в честь его 70-летия в Оше
Мероприятие, посвященное памяти государственного и общественного деятеля Бекмамата Осмонова в честь его 70-летия в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгаан саясатчы көзү тирүү болсо бүгүн 70 жашка чыкмак.
Жээнбеков: Бекмамат Осмонов мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөтүп кетти

Бекмамат Осмонов эл-журтка, мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөтүп кетти. Бул тууралуу Ош шаарында өтүп жаткан Осмоновду эскерүү иш-чарасына катышып жаткан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын өнүгүшүнө чыгаан саясатчынын салымы чоң.

"Депутаттык мандатты элдик милдет катары кабыл алып, эл кызматында болду. Жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, жалпы элдик деңгээлге жетти. Жалпы кыргыз элинин келечегине түйшөлгөн чыныгы патриоттун өмүр жолун басып өттү", — деди Жээнбеков.

Бекмамат Осмонов көзү тирүү болсо бүгүн 70 жашка чыкмак. Саясатчыны эскерүү иш-чарасына Жээнбековдон тышкары ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0