Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ардагер Бусурманкулов: энеңден кийин эле эске келген милицияны кор тутуу болбойт

© Фото / Байтик Бусурманкуловмилициянын ардагери, журналист, ИИМдин маалымат кызматын бир топ жыл башкарган Жолдошбек Бусурманкуловдун архивдик сүрөтү
милициянын ардагери, журналист, ИИМдин маалымат кызматын бир топ жыл башкарган Жолдошбек Бусурманкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз милициясы өзүнүн 92 жылдыгын белгилеп жатат.
Ардагер Бусурманкулов: энеңден кийин эле эске келген милицияны кор тутуу болбойт

Кандай коомдук түзүлүш болбосун, милициянын атайын да, ардактуу да орду бар. Аны дайыма аткарууга шарт түзүп беришибиз керек. Мындай пикирин милициянын полковниги, ардагер-журналист, ИИМдин маалымат кызматын бир топ жыл башкарган Жолдошбек Бусурманкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Ал учурда ички иштер системасында иштеп жаткан өзүнөн кийинки муундарды чыдамдуу, бекем болууга чакырды.

"Милицияны канчалык жамандаган күндө да, караңгы жерде капыстан бирөө кол салганда, коркконуңдан "апа" деп кыйкырасың. Анан тоноп кеткенден кийин, "милиция!" деп кыйкырасың. Демек, энеңден кийин эле эске келген милицияны кор тутканыбыз биз үчүн кечиримсиз болот", — деди Бусурманкулов. 

Бүгүн кыргыз милициясы өзүнүн 92 жылдыгын белгилеп жатат. 

1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара кыргыз автономиялуу облусу түптөлгөн. Андан бир аз өтпөй эле 1-ноябрь күнүнөн тарта автоном облустун милиция бөлүмү ишин баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0