Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уролог Нурлан Эгетаев: тукумсуздукту дарылоого болот

© Фото / Гулдана ТалантбековаЖогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев
Жогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер акыркы учурда тукумсуздукка аялдарга караганда эркектер көбүрөөк кабыла баштаганын белгиледи.
Уролог Нурлан Эгетаев: тукумсуздукту дарылоого болот

Тукумсуздукту дарылоого болот. Бул тууралуу жогорку даражадагы уролог-андролог Нурлан Эгетаев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, илдетке чалдыккан жигиттер дарыгерлерге көбүнесе үйлөнгөндөн кийин кайрылышат. Ал эми дарттын алдын алуу үчүн баланын ден соолугуна кичинекей кезинен баштап кам көрүү керек.

"Инфекциялык оору болсо дары-дармек менен калыбына келтирсе болот. Эгерде органикалык мүчүлүштүктөр кетсе, хирургиялык жол менен калыбына келтирүүгө мүмкүн. Уругу өлүк же кыймылы төмөн болсо аялынын жатынында уругун өстүрсө болот. Анда болбосо карын эне жалдоого туура келет. Мында аял менен эркектин жыныс клеткаларын чогуу өстүрүп туруп, бөлөк аялдын жатынына куюлат. Эгерде таптакыр эле болбосо бала багып алуу сунушталат. Эң башкысы — үмүттү үзбөш керек", — деди ал.

Дарыгер өз сөзүндө акыркы учурда тукумсуздукка аялдарга караганда эркектер көбүрөөк кабыла баштаганын кошумчалады.

Уролог Нурлан Эгетаев менен кеңири маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0