Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Табылды Акеров: вице-премьерлердин орду РАЖ фракциясына тийиши мүмкүн

© Фото / предоставлено Табылды АкеровымСаяский эксперт Табылды Акеровдун архивдик сүрөтү
Саяский эксперт Табылды Акеровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт "Кыргызстан" фракциясына орун берилбей турганын айтып, "Бир Бол" фракциясына анчейин маанилүү эмес делген бир-эки министрлик тийиш мүмкүндүгүн кошумчалады.
Табылды Акеров: вице-премьерлердин орду РАЖ фракциясына тийиши мүмкүн

Вице-премьерлердин орду "Республика — Ата-Журт" фракциясына тийиши ыктымал. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эксперт Табылды Акеров билдирди. 

"Менимче премьер-министр өз ордунда калат. Ал эми өзгөчө стратегиялык делген экономика, билим берүү жана каржы министрликтери КСДПнын көзөмөлүндө болот. Буга чейин "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекен" фракцияларынын орундары "Республика — Ата-Журт" фракциясына тиет. Мындан сырткары вице-премьерлердин орду дагы "РАЖ" фракциясына берилет", — деди Акеров. 

Эксперт мындан сырткары "Кыргызстан" фракциясына орун берилбей тургандыгын айтып, "БирБол" фракциясына анчейин маанилүү эмес делген бир-эки министрлик тийиши мүмкүндүгүн кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0