Камчыбек Жолдошбаев: көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат
Көмүрдүн баасы кымбат болуп жатат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө көмүрдүн баасын ар ким өз билемдик менен көтөрүп жатат.
"Кыш келип кыйынчылык жаралууда. Ар ким өз билемдик менен көмүрдүн баасын көтөрүп, бир кабы 350 сом болуп кетти. Андыктан маселени жөнгө салуу керек", — деди Жолдошбаев.
Эл өкүлү мындан сырткары, ашууларда 200дөн ашуун унаа тыгылып, тоскоолдуктар жаралып жатканын айтты.