Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мухамметкалый Абулгазиев: кыргыз-өзбек мамилесин жакшыртууну улантабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПредседатель Социального фонда страны Мухамметкалый Абулгазиев
Председатель Социального фонда страны Мухамметкалый Абулгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адахам Икрамов турган өзбек делегациясы Ош шаарына кечээ келди.
Мухамметкалый Абулгазиев: кыргыз-өзбек мамилесин жакшыртууну улантабыз

Биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев ушул жылдын соңуна чейин Бишкек шаарында кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын отуруму өткөрүлө турганын билдирип, анда соода-сатык мамилесин өнүктүрүү жаатында сүйлөшүүлөр болорун айтты.

"Чек ара маселеси, экономика, жарандардын катышы боюнча маселерди көтөрүп, өзбек кесиптештерибиз менен талкууладык. Жакын арада дагы бир нече жолугууларды өткөрүү пландалууда", — деди ал.

Визит делегации Узбекистана в город Ош - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек алакасы: Ош менен Анжиян университети кызматташмай болду
Өзбекстандан келген делегацияга Бабур театрынын артисттери "Манастын уулу Семетей" спектаклинен үзүндү көрсөтүштү. 

Ал эми төкмө акын Идирис Айтибаев кыргыз-өзбек тилинде достукка ынтымакка үндөп төгүп ырдады. Өзбекстандан келген делегация ОшМУнун медицина факультети менен таанышты. Конокторду аталган факультетте окуган 26 мамлекеттен келген улуттун өкүлдөрүнөн турган студенттер тосуп алышты. Факультеттин аймагында кыргыз күүлөрү чертилип, өзбек тилинде ырлар ырдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0