Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанар Акаев: мугалим болчу студенттердин стипендиясын эки эсе көбөйөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, стипендияларды көбөйтүү үчүн 30 миллион сом керектелет.
Жанар Акаев: мугалим болчу студенттердин стипендиясын эки эсе көбөйтүү керек

Педагогикалык адистикте окуган студенттердин стипендиясын эки эсе көбөйтүү керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Аймактарга жаш кадрларды көбүрөөк алып барышыбыз керек. Жаштардын көбү билим алып, шаарда калып калышат. Ал үчүн айылдарда шарт түзүп, педагогикалык адистикте окуган студенттердин стипендиясын эки эсе көбөйтүү зарыл. Менин көтөргөн демилгемди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков колдоого алып, каржы министрине тапшырма берди. Буюрса демилге жаңы жылдан кийин ишке ашып калат", — деди депутат. 

Акаев демилге жакшы жыйынтык берсе ушул багытта иштер улантыларын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0