Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Сыдыков: баланы бычактады деп шектелген киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, белгилүү шоумен, ырчы Жеңишбек Айтиевдин уулуна түш ченде кол салып, бычактап салганына шектүү катары каралып жаткан Нуржигит аттуу жаран Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Замир Сыдыков: баланы бычактады деп шектелген киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Жаза процессуалдык Кодексинин 94-беренесине ылайык, убакытлуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. Эртең анын баш коргоо чарасын өзгөртүү же өзгөртпөө маселеси үчүн санкцияга Ош шаардык сотуна алып барылат", — деди Сыдыков.

21-октябрда саат 12.30да Ош шаарынын Гостелло көчөсүнүн жашоочусу өспүрүмдү белгисиз адам бычактап кеткендигин билдирген. Окуя болгон жерге адегенде Кайгуул милициясы, ыкчам тергөө тобу жана Ош шаардык ИИБдин жетекчилиги жана Тез жардам барган. Дарыгерлер баланын ошол жерден каза болгондугун аныктаган.

Кылмышка шектүү катары ошол үйдө жашаган 22 жаштагы коңшусу кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0