Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбек Абдрахманов: Чокморовдун эстелигин россиялык компания колодон куюп берет

© Sputnik / Нургуль МаксутоваСүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов
Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндөн кийин Бишкек шаарынын борборунда кыргыздын дүйнөлүк масштабдагы атактуу актеру, сүрөтчүсү Сүймөнкүл Чокморовдун айкелинин орду түптөлүп, эстеликти коюуга даярдык иштери башталат. Бул туурасында Сүймөнкул Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Сагынбек Абдрахманов: Чокморовдун эстелигин россиялык компания колодон куюп берет

Анын айтымында, Чокморовдун эстели Россиядан жасалып келмекчи. 

"Скульптор Алмаз Кожогуловдун колунан чыккан айкелди колодон куюп беришет. Бийиктиги 2,80 метр болот. Азыр анын постаментте тургузуу же жерге жапызыраак кылып жайгаштыруу боюнча талкуу болуп жатат. Экинчи вариант көбүрөөк ыңгайлуудай болуп турат", — деди Абдрахманов.

Ал жакында Россиянын Свердлов облусунан делегация келерин жана эстеликти жасоо боюнча атайын документке кол коюла турганын белгиледи. 

"Кыргызстан-Россия ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну арттыруу максатында Свердлов облусунун делегациясынан келет. Сапардын алкагында Сүймөнкул Чокморов атындагы фонд менен Иван Дубровиндин куючу компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлат. Россиялыктар колодон куюп берип жана аны Бишкекке жеткирүү жагын өздөрү алмай болууда",— деди Абдрахманов.

Чокморовго эстелик орнотуу маселеси 1994-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0