Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Төрөбаев: өкмөт мүчөлөрү, ойгонгула!

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери учурда өкмөт мүчөлөрү жакшы иштебей жатат деген пикирде.
Бакыт Төрөбаев: өкмөт мүчөлөрү, ойгонгула!

Өкмөт мүчөлөрү, ойгонгула! Мындай эскертүүнү "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда берди. 

Анын айтымында, өкмөттө реформа жасоодон майнап чыккан жок. 

"Өкмөт башчы болуп бекиген Сооронбай Жээнбеков бийликтин жаңы структурасын алып келгенде колдоп бердик эле. Анткен менен Айыл чарба министрлигинде реформа болгон жок. Сазга батып кетти. Улуттук энергохолдингди, маалыматтык байланыш агенттиктерин түзсөк да майнап чыккан жок. Интернеттин баасы кымбаттап, электр энергиясын Казакстандан сатып алабыз деп отурат. Кеп структурада эмес, башкарууда. Өкмөт мүчөлөрү, ойгонгула", — деди Төрөбаев. 

Ал өкмөттү президент, ЖКда катуу колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0