Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Руслан Казакбаев: карылар үйүндөгү шарттарды жакшыртуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин архивдик сүрөт
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикага ылайык, 2 миңден 5 миңге чейин кайырчы көчөдө жүрөт.
Руслан Казакбаев: карылар үйүндөгү шарттарды жакшыртуу керек

Кыргызстандагы карылар үйлөрүнүн шартын жакшыртуу керек. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Анын айтымында, өлкө боюнча кары-картаңдар үйүндө көйгөйлөр көп.

"Кыргызстанда 15 социалдык камсыздоочу стационардык мекеме бар экен. Анын ичинен жетөө пенсия курагындагыларды тейлейт. Статистикага ылайык, 2 миңден 5 миңге чейинки кайырчы көчөдө жүрөт. Алардын 35 пайызы картаңдар. Өлкө боюнча кары-картаңдар үйүндө көйгөйлөр көп. Андыктан кары-картаңдар, кайырчылар, балдар үйү боюнча маселени өкмөттө караш керек", — деди Казакбаев. 

Эл өкүлү картаңдар үйүндө иштегендер 5-7 миң сом аларын айтып, алардын айлыгын көтөрүү керектигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0