Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбек Төлөбеков: АКШга виза берилбей "Оскарга" бара турган топтун маанайы чөктү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата керээзи" тасмасынын продюсерлеринин бири Талантбек Төлөбеков
Ата керээзи тасмасынын продюсерлеринин бири Талантбек Төлөбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата керээзи" тасмасынын продюсерлеринин бири Талантбек Төлөбеков АКШ элчилигине тиешелүү документтерди алып барышса "билебиз, көрсөтпөй эле койгула" деп эшигин жапканын айтты.
Талантбек Төлөбеков: АКШга виза берилбей "Оскарга" бара турган топтун маанайы чөктү

Ал белгилегендей "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземине катышуу үчүн атайын топ 23-октябрда учуп кетиши керек. 

"Топтун курамында эки режиссер, эки продюсер жана бир котормочу бар. Элчилик курамда адам көп деп жатат. Биз англис тилин түшүнбөгөндүктөн котормочу керек экенин түшүндүрдүк. Бирок майнап чыккан жок", — деди Төлөбеков. 

Учурда атайын топтун мүчөлөрү капаланып, маанайлары чөккөнүн белгиледи.

"Буга чейин биздин тасма тууралуу көп эле маалыматтар чыккан да. Керек болсо документтерди дагы алып бардык. Бирок "билебиз, көрсөтпөй эле койгула" деп коюшту", — деп кошумчалады продюсер. 

Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан тасма "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0