Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтынай Темирова: Саха-Якутия театры гастролун Айтматовдун чыгармасы менен баштады

© Фото / Ника ЖолдошеваТоктоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Саха-Якутия театрынын гастролу өтүп жатат. Бул туурасында театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Алтынай Темирова: Саха-Якутия театры гастролун Айтматовдун чыгармасы менен баштады

Саха-Якутия театры өзүнүн 111-сезонун Кыргызстандагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинин негизинде жазылган спектакль менен ачты.

"Саха-Якутия театры өзүнүн 111-сезонун Түрк тилдүү республикалар боюнча гастролдук тур уюштурду. Аны Кыргызстанда Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинин негизинде жазылган "Желанный берег мой" спектакль менен ачты", — деп билдирди Темирова.

Эл ал спектаклди абдан суктануу менен кабыл алгандыгын, ал абдан жогорку деңгээлде өткөндүгүн, таасирин баса белгиледи. 

Театр бүгүн көрүүчүлөргө Уильям Шекспирдин "Тит Андроник" трагедиясын тартуулайт. 

Ал эми эртең, 18-октябрда Саха-Якутия театры улуттук драматургиясынын үлгүсүн көрсөтүп, "Гунн повесттери" деп аталган премьераны сахнага алып чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0