Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кенжалы Орозалиев: бюджетти карап отурбаш керек

© Пресс-служба президента КРТалас көмөкчү мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиев
Талас көмөкчү мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.
Кенжалы Орозалиев: бюджетти карап отурбаш керек

Бир катар эмгеги сиңген жарандардын катарында Талас көмөкчү мектеп-интернатынын директору Кенжалы Орозалиев да болду. 40 жылдык өмүрүн педагогдук ишке арнаган Орозалиев Ардак баракчасы менен сыйланды.

Анын айтымында, ийгиликке жетишүү ар бир жетекчинин өзүнөн көз каранды.

"Акыркы жети жылдын ичинде бюджеттен тышкаркы уюмдардын эсебинен эле 15 миллион сом акча тарттым. Жеке каражатыман бир миллион сом коштум. Ошонун эсебинен эч нерсеге жарабай калган интернаттын имаратын оңдоп-түзөп, алдыңкы окуу жайга айланттык", — деди ал.

Орозалиев үч жылдан бери 120 мектептин ичинен "Мыкты мектеп-интернат" наамын жеңип келе жатканын белгилеп, окуу жайда иштеген жамаатка ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0