Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Таалайбек Масабиров: унааны техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекетке берүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабировдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги Кыргызстан фракциясынын депутаты Таалайбек Масабировдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңеште "Ар кандай маселелер" талкууланып жатат.
Таалайбек Масабиров: унааны техникалык кароодон өткөрүүнү мамлекетке берүү керек

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров парламенттин жалпы жыйынында автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү керектигин айтты.

"Ош — Бишкек жолунда эле эмес, башка жактарда болуп жаткан жол кырсыктары автоунаанын техникалык кароодон өтпөгөнү деп эсептейм. Ушуну кайра мамлекетке берсек. Бир мисал, эртең менен келе жатканда автоунаадан чыккан уулуу газ, Бишкектин экологиясын карасак. Андан улам ар кандай онкологиялык оорулар болот", — деди ал.

Депутат профилдик комитет бул боюнча өкмөттүн оюн угуп койсо жакшы болмоктугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0