Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазбек Атамбаев: дин менен маданиятты алмаштырбагыла

Жазылуу
Бүгүн өлкө башчы "Ала-Арча" резиденциясында өзгөчө эмгеги менен айырмалана алган жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Алмазбек Атамбаев: Дин менен маданиятты алмаштырбагыла

Сыйлык ээлерин куттуктап жатып президент Алмазбек Атамбаев маданияттын орду тууралуу кеп козгоду. Анда кыргыз элинин кылымдарды карыткан каада-салты, көөнө маданияты улуттун өнүгүүсүнүн өзөгү бойдон калышы керектиги айтылды.

"Өз маданиятын, тилин, тарыхын сактай албаган эл бара-бара жок болот. Муну мезгил өзү далилдеди. Демек, маданиятыбызды, тилибизди, тарыхыбызды сакташыбыз керек. Дин менен маданиятты алмаштырбаш керек. Чепкен, чапан, чыптама, көйнөк, шым — бул кыргыздардын кийими. Бирөөнү туурабаш керек, керек болсо бизди туурасын", — деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, мамлекеттик сыйлыктар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0