Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Досумбетов: министр Айдаров минген автоунаа мурунку жетекчи учурунда алынган

© Фото / Кудаяр ЭсенбаевТранспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетовдун архивдик сүрөтү
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлиги жакында кытайлык компанияга кайтарып берген Lexus LX 570 автоунаасын мурдагы министр (Малабаев – ред.) колдонуп жүрүп, кийин аны азыркы министр Замирбек Айдаров пайдаланган. Мындай маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Досумбетов: министр Айдаров минген автоунаа мурунку жетекчи учурунда алынган

Эскерте кетсек, China Road and Bridge Corporation Бишкек — Нарын — Торугарт жолун салып жатат. 

"2015-жылдын 28-июлунда Транспорт жана коммуникация министрлиги менен China Road компаниясынын ортосунда 1010BZ мамлекеттик номерлүү Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунааны колдонуу боюнча келишимге кол коюлган. Министрликте жолдорду оңдоо, курулуш, реабилитация иштерине атайын көзөмөл жүргүзүлүп турат. Ага автоунаа керек болгондуктан, ушундай келишим түзүлүп, колдонула баштаган", — деди Досумбетов.

Маалымат кызматынын жетекчиси бул келишим Транспорт жана коммуникация боюнча мурдагы министр Аргынбек Малабаев учурунда түзүлгөндүгүн айтты. 

"Макулдашуу мурдагы министр (Аргынбек Малабаев – ред) убагында түзүлгөн. Аны пайдаланууга кеткен чыгымдар министрлик тарабынан каржыланып турган", — деди ал.

Досумбетов кечээ, 10-октябрда эки тараптуу келишимдин негизинде Lexus LX 570 автоунаасын China Road компаниясына кайтарылып берилгенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0